Берилиштерди кантип колго алуу керек. Үйрөнөбүз, машыгабыз жана алардан коркконду токтотобуз
Кыргызча
Башталгыч
134
адам өттү3 саат
Сиз менен бирге берилиштердин сыйкырдуу дүйнөсүнө аттанабыз. Берилиштер деген эмне экенин жана аны менен кантип иштөө керектигин түшүнөбүз. Бул сиздин маалыматтык же адвокациялык кампанияларыңызда жардам берет жана жөн гана маалымат сабаттуулугунузду жогорулатат.
Берилиштер бардык жерде – эртеңки аба ырайы тууралуу маалыматтан баштап, сиздин айыл өкмөтүңүздөгү коррупциялык схемаларга чейин. Ал эми берилиштерди туура окуп, алардан жооп алуу жана анын негизинде жыйынтык чыгаруу абдан маанилүү.
Курстун алкагында сиз берилиштерди базалык талдоо, интерпретациялоо жана дата-сторителлинг жөнүндө биле аласыз.
Иллюстрациялар: Бен
Көңүл бургула! Ыңгайлуу болушу үчүн бул курсту компьютерден өтүүнү сунуштайбыз.
Мунун баары IDEA CA тарабынан Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ACTED Кыргызстан жана Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырылып жаткан “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасынын алкагында ишке ашырылууда.
Курс менен бөлүшүү
Бул курс ким үчүн
Берилиштерди түшүнүүнү жана аны өз ишинде/окууда колдонууну каалагандардын бардыгы үчүн.
Онлайн-курсту кандай өтүү керек
1Каалаган курсту тандаңыз
Программаны изилдеңиз. Ал кыска. Кандай пайда бар экенин билип алыңыз. Баштаңыз
2Көрүңүз, окуңуз, угуңуз
Окуу материалдары жеңил, түшүнүктүү жана кызыктуу форматта берилген
3Ыңгайлуулук менен үйрөнүңүз
Окууну каалаган учурда токтотуп, өзүңүзгө ыңгайлуу учурда уланта аласыз
Сиз эмнени үйрөнөсүз
Берилиштер деген эмне экенин, берилиштердин булактарын, аларды коммуникацияда кантип колдонууну билесиз
Таблицалык редакторлордун функциялары жана негизги формулалар менен таанышасыз
Талдоо үчүн суроолорду түзүүнү өздөштүрөсүз
Анализдин натыйжаларын туура сүрөттөөгө үйрөнөсүз
Маалымат жана берилиштердин булактары жөнүндө билесиз
Аналитикалык ой жүгүртүүңүздү өркүндөтөсүз
Курстун автору
Айзада Тома
Дата-журналистика боюнча тренер
Берилиштерди талдоо жана визуализациялоо жана инфографика боюнча тренингдерди өткөрөт
Чолпон Узакбаева
Дата-коммуникациялар боюнча адис
Окуу материалдарын иштеп чыгат жана берилиштер менен иштөө жана визуализациялоо боюнча тренингдерди өткөрөт
Курстун программасы
Бул курста сизди эмне күтүп турганын билип алыңыз. Ар бир бөлүм жөнүндө толук маалымат
Бөлүм 1: Берилиштер деген эмне жана аны кантип колдонуу керек?
45 мүн.
Биз биргеликте берилиштер маалыматтан кандайча айырмаланарын, биз маалыматтарды күнүмдүк турмуштан баштап, мамлекет, жамааттар чечимдерди кабыл алууга чейинки ар кандай деңгээлде кантип колдонорубузду чечмелейбиз.
Бөлүм 2: Берилиштер менен кантип сүйлөшүү керек?
45 мүн.
Бөлүм 3: Берилиштерден чыккан тыянак. Жөнөкөй тилде сүйлөйбүз
45 мүн.
Бөлүм 4: Контекстсиз берилиштер − эч нерсе эмес
45 мүн.