
Кастык тилин мээрим тилине айланталы. кантип?
Кыргызча
Башталгыч
259
адам өттү2 саат
Бул онлайн курста сиз кастык тили эмне экенин жана ал бизди кантип бөлүп, мамилебизди бузуп жатканы тууралуу көбүрөөк биле аласыз.
Кастык тилин жеңүүнүн, анын коомго терс таасирин тийгизбөөнүн ыкмасы – зомбулуксуз мамиле кылууга үйрөтүү болуп саналат.
Бул онлайн курста кастык тилин мээрим тилине айлантканды үйрөнөлү!
Мунун баары IDEA CA тарабынан ишке ашырылып жаткан БУУӨПтүн «Сөздүн күчү» долбоорунун алкагында даярдалды.

Курс менен бөлүшүү
Бул курс ким үчүн
Кастык тилин жеңип, зомбулуксуз мамилени кылууга үйрөнүүнү каалагандар үчүн.
Онлайн-курсту кандай өтүү керек
1Каалаган курсту тандаңыз
Программаны изилдеңиз. Ал кыска. Кандай пайда бар экенин билип алыңыз. Баштаңыз
2Көрүңүз, окуңуз, угуңуз
Окуу материалдары жеңил, түшүнүктүү жана кызыктуу форматта берилген
3Ыңгайлуулук менен үйрөнүңүз
Окууну каалаган учурда токтотуп, өзүңүзгө ыңгайлуу учурда уланта аласыз
Сиз эмнени үйрөнөсүз
Кастык тили эмнеден улам келип чыгарын үйрөнөсүз
Кастык тилинин кандай үч деңгээли бар экендигин билесиз
Жеке ой-пикир менен сөз эркиндигинин айырмасы жана баалуулугу жөнүндө толук маалыматты аласыз
Интернеттеги буллинг деген эмне жана интернетте кастык тилин кантип колдонушат экендигин билесиз
Кастык тилине кантип сезимтал болуу керектигин жана аны мээрим тилине өткөрүүнү үйрөнөсүз
Курстун автору

Гүлжан Эшбаева
Азаттыктын «Мигрант Медиа» долбоорунун журналисти
ТВ, радио, гезит, онлайн журналистикада 10 жылдан ашуун тажрыйбасы бар. Кастык тили боюнча тренер-айым
Курстун программасы
Бул курста сизди эмне күтүп турганын билип алыңыз. Ар бир бөлүм жөнүндө толук маалымат
Бөлүм 1. Кастык тили деген эмне?
30 мүн.
Кастык тили эмнеден келип чыгат? Кастык тилинин үч деңгээли кандай? Көп колдонулган кастык сөздөрү кайсылар? Бардык жооптор бул бөлүмдө!

Бөлүм 2. Кастык тили жана сөз эркиндиги
30 мүн.
Бөлүм 3. Кибербуллинг менен кастык тилинин айкалышы
30 мүн.
Бөлүм 4. Кастык тилин мээрим тилине айланталы
30 мүн.