Феминизм деген эмне жана заманбап дүйнөдө анын эмне кереги бар

  • Кыргызча
  • Татаалдык
    Башталгыч
  • 170
    адам өттү
  • Узундугу:
    2 саат
  • Көпчүлүк адамдар биз баарыбыз гендердик теңчиликке эбак эле жетишкен дүйнөдө жашап келебиз жана феминизмдин кереги деле жок деп эсептешет. Бирок чындап карасак, азыркы дүйнө дагы деле биринчи кезекте эркектерге ыңгайланган. Муну байкоо үчүн жөн гана бир нече суроо берип көрөлү: 
    • Аялдарга карата бөлүп жаруу жоголдубу? 
    • Аялдар жөнүндө стереотиптер дагы эле барбы? 
    • Жашообузга чоң таасир тийгизген маанилүү чечимдерди ким кабыл алат? 
    • Аял эркектер менен тең айлык алабы? 
    • Аял үй жумуштарын аткарууга дагы эле милдеттүүбү? 
    • Эмне үчүн саясатчы аялдар аз? 
    • Аял зордук-зомбулуктан корголобу? 
    • Аял өз денесин башкара алабы? 
    Бул суроолордун жооптору жөнүндө ойлонсоңуз, феминизм өз максаттарына али жете электигин түшүнөсүз. Эми көйгөйлөр болбогондой жашообузду улантсак, анда коом өнүкпөй бир жерде туруп калчудайбыз. Ошондуктан, теңчиликтин жоктугун көрүп, байкап, бул теманы ачык талкуулап, өзгөрүүлөрдүн үстүндө чогуу иштөө баарыбыздын жоопкерчилигибиз.
    Коомдо «‎феминизм – батыштын баалуулугу же аялдар эркектерди башкарууну каалайт»‎ деген ойлор бар. Бул туура эмес, феминизм – аялдардын укуктарын коргоого багытталган кыймыл жана ал гендердик басмырлоого каршы. Бул курста биз айсбергдин чокусуна гана тийип, феминизм деген эмне жана бул күрөштүн кантип жүргүзүлөрүн көрөбүз. 
    Курс менен бөлүшүү
    Бул курс ким үчүн
    Бул кыска онлайн-курс феминизм түшүнүгү менен жакын таанышууга, анын басып өткөн тарыхы жана алдыга койгон максаттарын билүүгө кызыккандарга арналган

    Онлайн-курсту кандай өтүү керек

  • 1Каалаган курсту тандаңыз
    Программаны изилдеңиз. Ал кыска. Кандай пайда бар экенин билип алыңыз. Баштаңыз
    2Көрүңүз, окуңуз, угуңуз
    Окуу материалдары жеңил, түшүнүктүү жана кызыктуу форматта берилген
    3Ыңгайлуулук менен үйрөнүңүз
    Окууну каалаган учурда токтотуп, өзүңүзгө ыңгайлуу учурда уланта аласыз
  • Сиз эмнени үйрөнөсүз

    Феминиздин баалуулуктарына канчалык жакын экениңизди текшере аласыз
    Феминизмдин эмне экенин жана анын суроолоруна жооп табасыз
    Феминизмдин басып өткөн тарыхына көз салып, анын жетишкендиктери менен таанышасыз
    Азыркы дүйнөдө аялдар кандай тоскоолдуктар менен алышып жатканын көрөсүз
    Феминизмдин ар кандай түрлөрү менен жакындан тааныша аласыз
    Андроцентризм, патриархат жана капитализмдин аялдарга тийгизген таасирин көрө аласыз
    learnto_title

    Курстун автору

    Эльвира Тилек
    Эльвира Тилек
    Феминист
    Юрист, активист, «Министерство Гендерных Дел» подкастынын алып баруучусу, твиттер-блогер

    Курстун программасы

    Бул курста сизди эмне күтүп турганын билип алыңыз. Ар бир бөлүм жөнүндө толук маалымат
    Бөлүм 1: Феминизм деген эмне?
    25 мүн.
    Феминизм кыймылынын алгачкы кадамдары 18-кылымдын башында жасалып, эки жүз жылдан ашык чакырымды басып өткөн. Феминизм эмнеден башталганын, кандай максаттарды орундатууга умтулганын жана кандай жетишкендиктерге жеткенин бул бөлүмдө карайбыз.
    Бөлүм 2: Феминизм жана андроцентризм
    10 мүн.
    Бөлүм 3: Феминизм жана патриархат
    10 мүн.
    Бөлүм 4: Феминизм жана адам укугу
    10 мүн.
    Бөлүм 5: Феминизм жана деколониялдык дискурс
    10 мүн.

    Сын-пикирлер

    Сын-пикирлер

    Aizhamal
    Пусть права женщин, так и мужчин не будут ущемляться, а справедливо поддерживаться сторонами во время их нарушения! Нужно установить уважительные партнерские взаимоотношения, в которых главенствует забота и пропорциональное распределение обязанностей.
    06 май 2022
    Колдонуучунун баалоосу
    За равенство и экофеминизм!
    Феминизм
    Феминизм түшүнүгү кандай жардам берди?
    Ыраазычылык
    Ыраазычылык
    Эне уйдун куту.
    Кыздын кырк чачы улуу
  • Кыргызча
  • Татаалдык
    Башталгыч
  • 170
    адам өттү
  • Узундугу:
    2 саат
  • Курс менен бөлүшүү